Түркиядагы сириялык качкын балдарынын билим алуусуна 270 млн. евро бөлүнөт

© AFP / DELIL SOULEIMANСириялык кандын балдар, Архив
Сириялык кандын балдар, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимдин алкагында 100дөй мектеп жабдылат, ал жакта Сириядан келген 70 миңден ашык окуучу билим алат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Еврокомиссия Түркиядагы качкын балдардын билим алуусу үчүн мектеп куруу жана эскилерин оңдоо үчүн 270 миллион еврого келишим түзгөнүн Еврокомиссиянын маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости билдирди.  

Маалыматка ылайык, келишимдин алкагында 100дөй мектеп жабдылат, ал жакта Сириядан келген 70 миңден ашык окуучу билим алат. Биринчи кезекте Түркиянын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында жайгашкан провинцияларындагы качкын балдар мектепке тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0