Колго багылган горилла 60 жыл жашап рекорд койду

© AFP / PHILIPPE DESMAZESГорилла. Архив
Горилла. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө горилланын эки уулу, эки кызы, 16 небереси, 12 чебереси жана үч кыбырасы бар.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Зоопаркта багылган Коло аттуу горилла узаган бейшембиде 60 жашка толуп, дүйнө боюнча эң узак жашаган маймыл катары рекорд койду. Бул тууралуу РИА Новости Live Science булагына шилтеме берүү менен жазды. 

"Коло адамзат менен гориллаларды байланыштырган элчи болуп калды. Ал аркылуу бул жаныбарлардын жашоосундагы кыйынчылыктар менен кандай учурда тукум курут болуп кетерин изилдөөгө жол ачылды. Анын туулган күнү жыл сайын миңдеген адамдардын коштоосунда өтүп келет"  — деп АКШнын Коламбус зоопаркынын куратору Одра Майнельт билдирди.  

Коло жер жүзү боюнча эң көп жашаган жана биринчи жолу адамдын колунда багылган горилла болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө окумуштуулар горилла жөнүндө көп нерсе билишет. Бирок 1956-жылы Коло туулганда зоологдор гориллалар качан, кантип көбөйөрүн билишкен эмес. 

Шимпанзе по кличке Азалия который курит сигареты в зоопарке в Северной Корее - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Кореядагы зоопаркта тамеки чеккен маймыл интернет жылдызына айланды
Колонун дүйнөгө келиши менен тажрыйба жасоону улантууга  жол ачылып, аны жакшы шартта багып келишкен. Бүгүнкү күндө анын эки уулу, эки кызы, 16 небереси, 12 чебереси жана үч кыбырасы бар.

Коло 2012-жылы эң узак жашаган маймыл деп таанылып, 56 жашында эле рекорд койгон. Тагыраагы Коло жапайы жаратылышта жашаган гориллаларга салыштырмалуу (30-40 жыл жашашат) бир жарым эсеге көп жашаган.  

Окумуштуулар Колонун жашоосуна көз салуу менен маймылдардын карыганы, анын денеси жана психикасы кантип өзгөрөрү туурасында уникалдуу маалыматтарды биле алышкан. Көрсө гориллалар дагы картайганда улгайган адам сымал, эски оорулар менен жабыркары, адаттан тыш көрүнүштөрдү жасап, жалгыздыкты жактырып калат экен.

Учурда Колонун тамакка табити өзгөрүп, буга чейин жеп жүргөн цукини, кулпунай, апельсин, буурчак өңдүү жемиштерди жактырбай калган. Зоологдор анын саламаттыгына жакшы таасир тийгизген тамактарды берип, түрдүү витаминдер менен багышууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0