Түркия: орус-түрк мамилелерин бузуу аракети ишке ашпай калды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын элчиси Андрей Карлов 19-декабрда Анкарада сүрөт көргөзмөсүндө атып өлтүрүлгөн. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул аракетти теракт катары сыпаттаган.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Россиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карловду өлтүрүү менен орус-түрк мамилелерин бузуу аракети ишке ашпай калганын түрк президентинин маалымат катчысы Ибрагим Калын билдиргенин РИА Новости маалымат агенттиги билдирди. 

Белгилей кетсек, Россиянын элчиси Андрей Карлов 19-декабрда Анкарада сүрөт көргөзмөсүндө атып өлтүрүлгөн. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул аракетти теракт катары сыпаттаган. РФтин тергөө комитети "Эл аралык терроризм акты" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

"Россия менен Түркиянын мамилесине доо кетирип, тараптарды бири-бирине касташтыруу аракети ишке ашпай калды", — деди Калын.

Москвичи несут цветы к зданию МИД РФ в связи с гибелью посла России в Турции А. Карлова - Sputnik Кыргызстан
Элчи менен ырчыга өлүм жок эле го?..
Ал өз сөзүндө тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча бул ишке Фетхуллах Гүлендин тарапташтарынын уюмунун тийиштиги бар экени билинип жатканын айтты.

Буга чейин мындай пикирин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да билдирген. Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу элчинин өлтүрүлүшүнүн артында Гүлендин уюму турганын баса белгилеген. Ал эми Фетхуллах Гүлен элчинин өлтүрүлүшүн кескин сындап, Карловду өлтүргөн кишинин анын уюмуна эч кандай тиешеси жоктугун айткан.

Ал ортодо элчинин өлтүрүлүшүн "Джейш аль-Фатх" террордук уюму өзүнө алды

Жаңылыктар түрмөгү
0