Кулап түшкөн Ту-154 учагынын негизги фрагменттери сыртка чыгарылды

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүПродолжаются поисковые работы в районе авиакатастрофы Ту-154 в Сочи
Продолжаются поисковые работы в районе авиакатастрофы Ту-154 в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-декабрда Россиянын Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы Москвадан Сирияга учуп бара жаткан жеринен Кара деңизге кулап түшкөн. Ичиндеги 92 кишинин бири да аман калган эмес.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Куткаруучулар Кара деңизге кулап түшкөн Ту-154 учагынын негизги фрагменттерин сыртка алып чыгышты. Алар Сочидеги атайын аянтчага жөнөтүлүп, иликтөөгө алынды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнө шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

"Учактын негизги фрагменттери атайын аянтка жиберилди. Адистер кыйраган учакты иликтеп чыгышат", — деп агенттикке маалымдашкан.

Россиянын Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы жекшемби күнү эртең менен Сирияга бара жаткан жеринен Кара деңизге кулап түшкөн. Маалыматка ылайык, ичиндеги 92 адамдын бири да аман калган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0