Греция: элчинин аялы күйөөсүн өлтүртүү үчүн 25 миң доллар төлөгөн

© REUTERS / Marcos Correa / Brazilian PresidencyПосол Греции в Бразилию Кириакос Амиридис
Посол Греции в Бразилию Кириакос Амиридис - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөдө полиция аял менен анын көңүлдөшү бул кандуу окуяны алдын ала пландаганы анык болду.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Полиция кызматкерлеринин бири грециялык элчи Кириакос Амиридисти аялынын буюртмасы менен мууздаганын мойнуна алды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, полиция элчинин аялы Франсуаза де Соуза Оливейр менен көңүлдөшүн, полициянын 29 жаштагы кызматкери Сержиа Морейраны камакка алды.

Булардан сырткары экөөнүн изин тазалагысы келип, сөөктү башка жакка жеткирүүгө жардам берген анын эки ата өткөн тууганын да темир тордун артына отургузду. 

Мероприятия памяти посла РФ в Турции А. Карлова за рубежом - Sputnik Кыргызстан
РФ элчиси Карловдун өлтүрүлүшүн "Джейш аль-Фатх" террордук уюму өзүнө алды
Маалыматтарга караганда, Морейранын тууганы 80 миң реал (25 миң доллар) сунуш кылгандан кийин аларга шерик болууга макулдугун берген.

Тергөөдө полиция аял менен анын көңүлдөшү бул кандуу окуяны алдын ала пландаганы анык болду. 

Полиция жоголуп кеткен грек элчисинин денесин Рио-де-Жанейродо өрттөнүп кеткен унаанын ичинен тапканы 30-декабрда кабарлаган.

Буга чейин Грециянын Тышкы иштер министрлиги Бразилиядагы элчи Кириакос Амиридис жоголуп кеткенин ырастаган. 

Globo телеканалы өзүнүн сайтына күйүп кеткен унаанын сүрөтүн чыгарган. Телеканалдын маалыматына караганда, өрттөнгөн унаанын номери элчи ижарага алган унааныкына дал келет. Машина элчи жоголгон Нова-Игуасу муниципалитетинде табылган. 

Амиридис 2001-2004-жылдар аралыгында Грециянын Рио-де-Жанейродогу консулу болуп эмгектенген. Ал эми Грециянын Бразилиядагы элчиси болуп 2016-жылдын январь айында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0