Пил. Архив

Кытайда жаңы жылдан тарта пилдин сөөгүн сатууга тыюу салынат

42
Тыюу салуу иштери 2017-жылдын 31-мартынан башталып ошол эле жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кытайдын өкмөтү 2017-жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык аймактарында пилдин сөөгүн сатууга жана аны кайра иштетүүгө тыюу салат. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Билдирүүдө жазылгандай тыюу салуу иштери 2017-жылдын 31-мартынан башталып ошол эле жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт. 

Иш-чаранын башкы максаты — пилдерди кайтарууну күчөтүп, аткезчиликке каршы туруп, мындан улам аны кайра иштетип сатууну токтотуу. Пил сөөгүнүн көчөлөрдөгү базар, дүкөндөрдө жана интернет аркылуу сатылышына тыюу салынат.

42
Белгилер:
пил, соода, сөөк, Кытай
Тема боюнча
Ысык-Көлдө браконьерлер кармалып, узундугу 3,3 чакырым болгон балык тору табылды
Пикирлер