Пакистан: Рождестводо аракка ууланып өлгөндөрдүн саны 42ге жетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча Пакистандын сенатынын ички иштер жана баңги заттарын соодалоого каршы күрөшүү комитети бул кырсык боюнча ар тараптуу иликтөө иштерин жүргүзүүнү талап кылды.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Пакистандын Пенджаб провинциясында Рождество учурунда ичимдиктен ууланып, каза тапкандардын саны 42 кишиге жетти. Бул туурасында Синьхуа агенттиги кабарлады.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иркутск шаарында "Боярышниктен" ууланып каза болгондордун саны 53кө жетти
28-декабрда жасалма ичимдиктен ууланып 26 киши каза болуп, андан сырткары дагы бир топ адам эс-учун жоготуп ооруканага түшкөндүгү кабарланган. 

Окуя Пенджаб провинциясында Тоба-Тек-Сингх округунда болгон. 

Полициянын жергиликтүү бөлүмү бул жаман сапаттагы ичимдикти саткандардын ичинен аны ичкен эки киши кошо мерт болгонун билдирген.

Бул окуя боюнча Пакистандын сенатынын ички иштер жана баңги заттарын соодалоого каршы күрөшүү боюнча комитети бул кырсык боюнча ар тараптуу иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялоону талап кылды. Буга кошумча жасалма ичкилик чыгаргандарды жазалоо зарылдыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0