Бразилияда 32 жаштагы сойку аял депутат болду

© AFP / LOIC VENANCEШиш такачан кыз. Архив
Шиш такачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бразилияда 32 жаштагы сойку Франсиски да Силва кийинки жумадан тарта депутаттык орунга отуруп, түшүнө кирбеген айлык ала баштайт.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бразилиянын Манакапура шаарчасында 32 жаштагы сойку аял депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Folha de Sao Paulo гезитине таянуу менен Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыккан. 

Кыска юбка кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сойкулукту соолутуу жөнүндөгү демилгенин ой-чуңкуру. Эксперттер ой толгойт
Ноябрь айынын аягында 95 миң адам жашаган шаарда жергиликтүү кеңешке шайлоо болуп, анда жергиликтүү таксисттер 32 жаштагы сойку болуп иштеген Франсиска да Силванын талапкерлигин көрсөтүшкөн. 

"Мымра" деген атка конгон аял таксисттер менен катар кардар күтүп, ошол жердеги көйгөйлөрдү чечип, жергиликтүү соода кылгандарга жардам берчү. 

Франсисканын үгүт иштерине болгону 155 реал (47 доллар) гана сарпталган.

"Шайлоонун жыйынтыгында Франсиски да Силва миңден ашык добуш алып төртүнчү орунга чыккан. Буга чейин ал сойкулук жумушунан 10 реал (3 доллар) гана тапса, эми анын айлыгы 7,8 миңди (2,3 миң доллар) түзмөкчү", — деп жазылат маалыматта. 

6 жаштан 10 жашка чейинки үч баласы жана ата-энеси менен кепеде жашаган Франсиска депутат болгондо ал көчөдөгү сойкуларга жана жакырларга бекер тамак тараттарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0