ЖМК: Стамбулдагы террористти издөөгө багытталган операция ишке ашпай калды

© REUTERS / HUSEYIN ALDEMIRТүркиянын полиция кызматкерлери
Түркиянын полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болгон. Террорист клубду кайтарган полиция кызматкерин атып салган. Андан кийин 700 адам эс алып жаткан клубга кирип барып элди карай ок чыгарган.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Түркиянын укук коргоо органдары Стамбулдагы түнкү клубда элге ок чыгарган террористтерди аныктоо максатында шейшембиге караган түнү атайын операция жүргүзгөнүн РИА Новости Daily Sabah басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Басылмадагы маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жаңы жыл түнү теракт жасоого шектелгендерди кармоо үчүн операцияны Зейтинбурну районунда жүргүзүшкөн.

Нападение на ночной клуб в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Стамбулдагы “Санта-Клаустун” чабуулунда кыргызстандыктар жабыркаган жок
Ассошиэйтед Пресс агенттиги операция аягына чыккандыгын жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, полиция эч кимди кармай алган эмес. 

Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болгон. Террорист клубду кайтарган полиция кызматкерин атып салган. Андан кийин 700 адам эс алып жаткан клубга кирип барып элди карай ок чыгарган. Түркиянын ИИМнин маалыматына караганда, 39 адам каза таап, 69 жаран ар кандай жаракат алган. Кол салган жаран азыркыга чейин изделип жатат. 

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, терактынын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук уюму өз мойнуна алган. Учурда полиция террористтин өздүгүн аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Түркиянын жалпыга маалымдоо каражаттары полициядагы ишенимдүү булактарга шилтеме берүү менен террорист өзбек же кыргыз улутундагы жаран болушу мүмкүн экенин жазып чыгышты

Жаңылыктар түрмөгү
0