Британияда белгисиз адам кайырчыга 12 миң долларлык садага берип кетти

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКайырчы. Архив
Кайырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети бурчтуу монеталарга Поттер жазган жомоктордун каармандары — коен, Питер, Ухти-Тухти, Жонни аттуу тыйын чычкан жана башкалар түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Британиянын Эксетер шаарында белгисиз адам кайырчыга коллекциялык 50 даана монета таштап кеткен. Анын баасы болжол менен 10 миң фунтту түзөт (12 миң долларга жакын). Бул тууралуу РИА Новости Metro агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Коендун сүрөтү түшүрүлгөн өзгөчө формадагы монетаны көргөн үй-жайсыз киши анын болжолдуу баасын билүү үчүн полицияга кайрылган. Смартфондун жардамы менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери монета белгилүү балдар жазуучусу Беатрис Поттердин 150 жылдыгына арналып 2016-жылы чыгарылганын билишкен. 

​Жети бурчтуу монеталарга Поттер жазган жомоктордун каармандары — коен, Питер, Ухти-Тухти, Жонни аттуу тыйын чычкан жана башкалар түшүрүлгөн. Коллекция жаңы чыккан учурда 50 монета болгону 55 фунттан соодаланган (60 долларга жакын.) Тираж сегиз күндө эле сатылып кеткен. Кийин интернет-аукциондор өткөрүлүп баасы миң фунтка чейин жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0