ТИМ: Измирдеги жардыруудан кыргыз жарандары жабыркаган жок

© AFP / DHA / DOGAN NEWS AGENCY Взрыв в городе Измире у здания суда
Взрыв в городе Измире у здания суда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Измир шаарында террористтер сот имаратынын жанында унааны жардырып жиберишкен.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы жардыруудан улам өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын катарында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Белгилей кетсек, кечээ 5-январь күнү Измир шаарында террорчулар сот имаратынын жанында унааны жардырып жиберишкен. Ага чейин аталган аймакта полиция менен атышуу болгон. 

РИА Новости Түркия бийлигине таянуу менен терактыдан эки адам каза болуп, 10 киши жаракат алгандыгын билдирген. Түрк бийлигинин акыркы маалыматы боюнча терактынын натыйжасында бир полиция кызматкери менен сот өкүлү каза болуп, беш киши ар кандай жараат алган. Эки террорчу жок кылынып, алардын жанынан эки Калашников автоматы, 8 гранат табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0