Кытайда 145 миллион жыл мурда жашаган динозаврдын изи табылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАрхеологиялык казуулар. Архив
Археологиялык казуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын айтымында, жандык динозаврлардын кескелдириктерге окшогон "зауропод" деген түрүнө кирет.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батышындагы Гуйчжоу провинциясында болжол менен 145 миллион жыл мурда жашаган динозаврлардын изи табылганы туурасында РИА Новости Кытайдын CCTV борбордук телеканалына шилтеме берүү менен жазды. 

Музейдеги экспонат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лос-Анджелесте 10 миң жыл мурда жашаган мастадонттун калдыктары табылды
Из Бицзе аймагындагы аскалардан табылган. Окумуштуулардын айтымында, жандык динозаврлардын кескелдириктерге окшогон зауропод деген түрүнө кирген. Аталган динозаврлар 56 миллион жылга созулган Юр доорунда жашап, мындан 145 миллион жыл мурда жок болгонун аныкташкан. Аталган аймакка динозаврлар суу ичүү үчүн келип турган. 

Юр доорундагы динозаврлардын издери биринчи жолу Гуйчжоу провинциясында табылып анын узундугу 30 сантиметрге жеткен. Ал эми жандыктын бийиктиги 6 метр болгону болжолдонууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0