Женнифер Лопес сиңдисине Криштиану Роналдуну "белек" кылды

© AFP / GERARD JULIENФутбол. Лига чемпионов. Финал. Матч "Реал" - "Атлетико"
Футбол. Лига чемпионов. Финал. Матч Реал - Атлетико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өздүк майрам кечесинде Роналдунун келиши Тиана Риос Лопес үчүн күтүүсүз белек болгон.

БИШКЕК, 11-янв.— Sputnik. Дүйнөнүн мыкты футболчусу аталган Криштиану Роналдуну Женнифер Лопес сиңдисине "белек" кылды. Бул тууралуу британиянын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Америкалык актриса жана ырчы Женнифер Лопес сиңдиси Тиананын туулган күнүнө өзгөчө белек тартуулоо максатында дүйнөнүн мыкты футболчусу менен жолугушуу уюштурган. Өздүк майрам кечесинде Роналдунун келиши Тиана Риос Лопес үчүн күтүүсүз белек болгон. 

"Ал дарбазага топ киргизгенде мен кыйкырып-өкүрүп аябай сүйүнөм. Ошол адам менин маңдайыма турганга ишенбей турам",— деген сөзү The Daily Mail басылмасында келтирилет. 

Басылманын маалыматына караганда туулган күн ээси да, ырчы Женнифер Лопес да Испаниянын "Реал" командасынын чабуулчусунун күйөрманы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0