Анкарада Россиянын элчисин өлтүргөн кишинин сөөгүн туугандары албай койду

© AP Photo / Burhan OzbiliciВооруженное нападение на российского посла в Анкаре
Вооруженное нападение на российского посла в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерди жалпы көрүстөнгө коюлат, себеби анын сөөгүн туугандары 24 күндүн ичинде алып кеткен эмес.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловду өлтүргөн Мевлүт Мерт Алтынташтын сөөгүн туугандары алып кетүүдөн баш тартканын РИА Новости агенттиги Анадолу агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Российское посольство в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Анкарадагы РФ элчилиги жайгашкан көчөгө өлтүрүлгөн элчи Карловдун аты коюлат
Буга чейин кылмышкердин эжеси сөөктү алып кетпей тургандыктарын маалымдаган болчу. Түркиянын мыйзамдарына ылайык, маркумун денесин туугандары 15 күндүн ичинде алып кетиши керек, бирок Мевлүт Мерттин сөөгүн 24 күндөн бери өлүкканада турат.

Маалымат агенттигинин ишенимдүү булагы сөөктү жерге берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, 2016-жылы 19-декабрда Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов сүрөт көргөзмөсүн ачып жаткан учурда Мевлүт Мерт Алтынташ тарабынан атып өлтүрүлгөн. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул окуяны теракт деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0