Италияда сүйлөшкөн кызын кызганган жигит бетине кислота чачып жиберди

© Sputnik / Жоомарт УраимовFacebook социалдык тармагынын Gessica Notaro аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Жессика Нотаро
Facebook социалдык тармагынын Gessica Notaro аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Жессика Нотаро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 28 жаштагы сулуунун көзү көрбөй калышы мүмкүн экени айтылып жатат.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Италия сулуусу" сынагынын финалына жеткен Жессика Нотарого мурдагы сүйлөшкөн жигити кислота чачып жиберип оор абалда ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Италиянын Huffington Post гезити жазып чыкты. 

Убийство на почве ревности - Sputnik Кыргызстан
Беловодское айылында эки өспүрүм кыз талашып, бири бычакталып каза болду
Басылманын жазганына караганда окуя жакында эле Римини шаарында катталган. Кыздын мурдагы сүйлөшкөн жигити сүйгөнү менен ажырашканына ишенбей аны менен мамилени биротоло бүтүрүү максатында бетине кислота чачып жиберип, качып кеткен. 

Тартип сакчылары кылмышка шектүүнү бейшемби күнү эртең менен кармашкан. Ал Кабо-Верде республикасынан чыккан 29 жаштагы Эдсон Таверс аттуу жигит болуп чыкты. 

Учурда кыздын көзү көрбөй калышы мүмкүн экени айтылууда. 

Huffington Post басылмасынын айрым маалыматына караганда жаш түгөйлөр бир канча убакыт бирге жашашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0