Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас

Кыйраган учактын ээси Түркиядагы авиакырсык үчүн соттолгон

2644
(жаңыланган 10:44 17.01.2017)
MyCargo Airlines компаниясы бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө боюнча жүк ташуу жана чартердик каттамдарды аткарган ири оператор болуп саналат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жүк ташуучу учагы Бишкектин жанына кулаган ACT Airlines компаниясынын жетекчилеринин бири 2007-жылы Түркиядагы авиакырсыкка күнөөлөнүп, соттолгонун Sputnik Туркия агенттиги жазды. 

Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонкондон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Кыйроонун себептери аныкталууда. Акыркы маалыматтарга караганда 37 адам каза болуп, учурда 32 адамдын аты-жөнү дайын болду. Кырсыктан дагы 13 киши жабыр тартты. 

Учакты Turkish Airlines авиакомпаниясы аталган рейсти аткаруу үчүн экипажы менен чогуу ижарага алган. Учак менен экипаж толугу менен Түркияда MyCargo Airlines деген ат менен таанымал ACT Airlines компаниясына тиешелүү. 

Ал 2004-жылы Туркияда негизделип, бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө боюнча жүк ташуу жана чартердик каттамдарды аткарган ири оператор болуп саналат. Негиздөөчүлөрү жана ээлери — түрк авиациясынын ардагери Даалар Чизмеджи менен уулу Явуз Чизмеджи. 

2007-жылдын 30-ноябрында Түркиянын Испарта шаарындагы аэропортунун жанында Стамбул — Испарта каттамы менен учуп бараткан учак кыйраган. Ичиндеги 49 жүргүнчү менен жети экипаж мүчөлөрү бар эле, кырсыктан эч ким аман калган эмес.

Агезде учакты иражага ACT Airlines компаниясынын директору Явуз Чизмеджи алганы аныкталган. Азыр аталган компаниянын ээси — анын атасы Даалар Чизмеджи. Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында кырсыкка Явуз Чизмеджи күнөөлүү деп табылып, 11 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган. 

2011-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын кытайлык HNA Group компаниясы сатып алган. Анткен менен 51 пайыз акциясы менен Даалар Чизмеджи компаниянын ээси боюнча калган. 

Ошол эле жылы компания MyCargo Airlines деп аталган жаңы бренддик аталыштын үстүндө иштей баштаган. 

2016-жылдын март айындагы маалыматтарга караганда, компаниянын карамагында сегиз жүк ташуучу лайнер болгон. Төрт Boeing 747-400BDSF, эки Boeing 747-400F жана эки Boeing 747-400ERF учактары Кандагардан (Афганистан) Брюсселге (Бельгия) чейин жүктөрдү ташыйт. 

Бишкектин жанындагы трагедияга чейин компаниянын учактары менен кырсыктуу окуялар болуп турган. 2010-жылдын март айында Баграм (Афганистан) авиабазасында аталган компанияга катталган Airbus A300 учагы конуп жатып шассисин сындырып алган. 

2644
Белгилер:
авиакомпания, Кыйроо, Түркия
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (223)
Тема боюнча
Кыйраган учактагы экипаждын төртүнчү мүчөсүнүн сөөгү табылды
ӨКМ: учак кулаган жерде 60 куткаруучу иштеп жатат
Эсил кайран бир боорум, ай…
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

37
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

37
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат

111
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын жашоочулары согуштан кийин акырындык менен үйлөрүнө кайта баштады. Аларга россиялык тынчтык орнотуучулар менен ӨКМ куткаруучулары жардам берүүдө.

Аскер инженерлери согуш учурунда талкаланган аймакта байланыш каражаттары менен инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле жол кыймылы калыбына келип, борбор калаада коомдук транспорт каттай баштады.

Адистер мурда согуш талаасы болгон аймактын ар бир метринен жарылуучу заттарды издеп, учурда 2 гектар аймак менен 3 чакырым жолду тыкыр карап чыгышты. Көптөгөн жарандык жана социалдык объектилер текшерилди.

111
Белгилер:
жашоо, эл, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?