"Ламбада" ырчысынын өлүмүнө шектелип мейманкананын кызматкери кармалды

© AP Photo / Lynne SladkyПевица Лоалва Браз
Певица Лоалва Браз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн киши Лоалва Бразга таандык мейманканада иштеп келген. Буга чейин соттолуп чыкканы аныкталган жаран күнөөнү мойнуна алды.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бразилиянын полициясы "Ламбада" ыры менен атагы чыккан Лоалва Бразды өлтүрүүгө шектүү кишини кармады. Бул тууралу El Pais шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. 

Панихида народного поэта и героя КР Суйунбая Эралиева - Sputnik Кыргызстан
2016-жылы көз жумган атактуулар менен өлүмү кыргызды толгонткон кыз-келиндер
63 жаштагы ырчынын өрттөнүп кеткен сөөгүн Рио-де-Жанейро штатында ага таандык мейманкананын жанындагы унаанын ичинен алып чыгышкан. Бийлик кылмышка каракчылык себеп болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Шектүү Браздын мейманканасында иштеп келген. Буга чейин соттолуп чыкканы аныкталган жаран кылмышка тиешеси бар экенин мойнуна алды. 

Лоалва Браз франциялык Kaoma тобунун солисти болгон. "Ламбада" ыры убагында 80 алтын жана платина дисктерине ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0