Түркияда депутат аялдар мушташа кетти

© Sputnik / STRINGERТүркиянын башкаруунун президенттик формасына өтүүсү боюнча Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрү парламентте талкууланып жатканда депутат аялдардын мушташы
Түркиянын башкаруунун президенттик формасына өтүүсү боюнча Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрү парламентте талкууланып жатканда депутат аялдардын мушташы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушташтан үч депутат айым жабыркап, экөө ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Түркиянын башкаруунун президенттик формасына өтүүсү боюнча Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрү парламентте талкууланып жатканда депутат аялдар мушташа кеткенин Hurrieyt гезити жазып чыкты.

​Чатак конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогондор жана ага каршы чыккандардын арасында чыккан. Буга көз карандысыз депутат Айлин Назлыяк каршылык иретинде өзүн трибунага кол кишен менен бекитип коюшу себеп болгон. Акыйкат жана өнүгүү партиясынын депутаттары күч колдонуу менен аны трибунадан түшүрүүгө аракет жасашкан. Бул учурда оппозициялык маанайдагы депутаттар Назлыяктын таламын талашып чыккан. 

Натыйжада үч депутат айым ар кандай жаракат алышкан. Эки аялды замбилге салып ооруканага жеткиришкен. Ал эми үчүнчүсү колун оорутуп алганы айтылууда.

​Интернетке кызуу талкууга алынган видео жайгаштырылды.

Буга карабастан парламент көпчүлүк добуш менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү каралган мыйзамды кабыл алды

Жаңылыктар түрмөгү
0