Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү

Эрдоган АКШ президенти Трамп менен жолукса, Гүленди берүүнү сурарын айтты

207
(жаңыланган 15:32 27.01.2017)
Түркия жетекчиси эки мамлекеттин ортосундагы дагы бир маанилүү делген маселе — экономикалык жана өзгөчө коргонуу өнөр жайы тармагындагы байланыш экендигин айткан.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШнын жаңы шайланган перизденти Дональд Трамп менен жолугуп, түрк-америка байланыштарын талкуулоого ниеттенип жаткандыгын айткан. Бул туурасында РИА Новости Hurriyet гезитине шилтеме кылып кабарлады. 

"Мен көпкө узатпай эле Дональд Трамп менен жолуксам деп жатам. Талкуулай турган негизи темалардын негизгиси — түрк-америка мамилелери болмокчу. Биздин стратегиялык байланыштарыбыз жакшы иштеп жатабы? Жок. Аны жандандырышыбыз керек", — деп айткан Эрдоган.

Ал эки өлкө тең НАТО мүчөлөрү экендигин, бирок азыркы алакалары аталган уюмдун тилектештигине жооп бербей тургандыгын айткан.

Президенттин айтымында, эки мамлекеттин ортосундагы дагы бир маанилүү делген маселе — экономикалык жана өзгөчө коргонуу өнөр жайы тармагындагы байланыш.

Мындан сырткары, Түркия жетекчиси америкалык кесиптеши менен диний үгүтчү, учурда оппозициячыл деп саналган Фетхуллах Гүленди экстрадиция кылуу боюнча сүйлөшөрүн айткан.

Анкара учурда Гүленди 2016-жылдын июль айында болгон төңкөрүш аракетин уюштурду деп күнөөлөп келет.

"Биз бул максатыбызга (Гүленди экстрадиция кылуу – ред.) жетүүнү каалап, 85 досьенин тагдырын сурайбыз. Мындан ары да иликтөө алкагында иштерди жиберүүнү уланта беребиз", — деген Эрдоган.

Акыркы маалыматтарда Гүлендин уюмуна тиешеси бар деп жалпысынан 92 607 адамга карата иликтөө иштери жүрүп, анын ичинен 36 951 киши камалгандыгы айтылып келет.

207
Белгилер:
кызматташуу, Дональд Трамп, Фетхуллах Гүлен, Режеп Тайип Эрдоган, АКШ, Түркия
Тема боюнча
ЖМК: Трамп дем алыш күндөрү Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө аракет кылат
Дональд Трамп Ак үйдөгү жашоосу тууралуу айтып берди
Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив

Айбат көрсөтүп... Антонина Шевченко менен Андреа Линин көз караштар таймашынан видео

10
(жаңыланган 11:30 15.05.2021)
Кыз-келиндердин жеңил салмактагы рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера" каймана атын алган) кезектеги беттеш алдында атаандашы Андреа Ли (КГБ каймана аты менен таанымал) менен көз караштар таймашына чыкты. Атлет кыздардын бири-бирине айбат көрсөтүп, жүз карашкан видеосун UFC Russia уюму өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Посттогу видеого “UFC 262 мелдешинде “Пантера менен КГБ беттеши” деген билдирүү калтырган.

Антонинанын бир тууган сиңдиси, UFC уюмунун кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко постко англис тилинде “Let’s go @antoninapantera!” деген комментарий жазды.

Кыз-келиндердин жеңил салмактагы (57 килограмм) рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

Кыргызстандык мушкер кыз муну менен промоушендеги алтынчы беттешине чыгат. Акыркы жолу былтыр ноябрда UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Мыкты, кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн UFC уюму ага 50 миң доллар бонус берген.

Анын атаандашы Андреа Ли кикбоксинг спортунун чебери болгон. Кийин ММА спортуна өтүп, 2018-жылдан бери UFC уюмунун мелдештерине чыгып келет. Аралаш мушташ спортунда ал жалпысынан алты беттеш өткөрүп, акыркы үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

Кармаш 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында өтөт.

10
Белгилер:
Андреа Ли, беттешүү, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Үч жашар Валентина менен жети жаштагы Антонина. Мушкерлердин сейрек сүрөтү
UFC Антонина Шевченко менен Андреа Линин беттешинин расмий постерин чыгарды

Жыгылып баратып тепти. Австралиялык футболчунун гол киргизген видеосу

26
Германия чемпионатынын 32-турунун алкагында "Айнтрахт" өз үйүндө "Майнц" клубун кабыл алган. Беттеш 1:1 тең эсеп менен аяктаган.

Германия чемпионатындагы "Айнтрахт" клубунун оюнчусу Айдин Хрустич жыгылып жаткан жеринен тээп гол киргизди. Кызыктуу учур Бундеслиганын Youtube каналына жарыяланды.

Чемпионаттын 32-турунун алкагында "Айнтрахт" өз үйүндө "Майнц" клубун кабыл алган. Коноктор биринчи бөлүктө эле эсепти ачып, алдыга чыккан. Талаа ээлери беттештин акыркы мүнөттөрүндө эсепти теңеди.

Австралиялык футболчу капталдан чыгарылган топту дарбазаны көздөй тээп, ошол учурда атаандаштын бутуна чалынып жерге кулаган. Топ коргоочуга тийип, кайра өзүнө келген. Жерде кулап жатканына карабай Хрустич топту сол буттап дарбазага багыттаган. Топ асманга көкөлөгөн бойдон голго айланган. Дарбазачы бийик секирип, тосууга аракет кылганына карабай аны тосо алган эмес.

"Майнтс" Бундеслигада калуу аракетинде болсо, "Айнтрахт" Европа кубокторуна ойноо мүмкүнчүлүгүн алууга умтулган.

26
Белгилер:
видео, гол, футбол
Тема боюнча
Футболчу Кайраттын "Каганатка" киргизген голу мыкты деп аныкталды. Видео