БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп кечээ Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалдаткан Жарлыкка кол койду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Трамптын сөзүнө караганда "экстремалдуу тандоо" деп аталган бул документин максаты — "радикалдашкан мусулман-террочуларды" өлкөгө киргизбөө.
Пентагондо аталган Жарлыкка кол койгон иш-чараны Американын бардык телеканалдары түз алып көрсөттү.
"Бул чет элдик террорчулардын келишинен биздин мамлекетибизди коргоо", — деп айтты Трамп.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, финансылык жыл башталгандан тарта, тагыраагы 2016-жылдын октябрынан бери АКШ 30 миңден ашуун качкынды кабыл алган. Белгиленген жылдын аягына чейин дагы 20 миңди кабыл алмак.
Трамп жаңы Жарлыгында кабыл алынган качкындарды жайгаштыруу чечимин кабыл алууга округ менен штаттарды катыштырууга мүмкүнчүлүк берди. Буга чейин бир катар штаттар бозгундарды жергиликтүү бийликтин каалоосуна карабай жайгаштырып койгону үчүн Обаманын администрациясы менен соттошуп келген.
Трамп бул документте АКШнын сириялык качкындары кабыл алуусуна белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салды.