Обаманын кызы президент Трамптын чечимине каршы чыкты

© AFP / Mandel NganМалия Обама, дочь президента США Барака Обамы
Малия Обама, дочь президента США Барака Обамы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылма Обаманын кызы 18 жашка чыгып калганын жана Гарвард университетине тапшырууну көздөп жатканын жазды.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын улуу кызы Малия Dakota Access деп аталган мунай куурунун курулушуна каршы чыккандардын тобуна кошулуп, жүрүшкө чыкты. Бул турасында РИА Новости Daily Mail басылмасына шилтеме берип кабарлады. 

Лекция Марка Цукерберга в МГУ - Sputnik Кыргызстан
Марк Цукерберг АКШ президенти Трамптын качкындарды өгөйлөгөнүн сындады
Аптанын башында Малия Юта штатында өткөн "Сандэнс" (Sundance) кинофестивалына барган. Себеби, ал жерде мунай куурларын куруу боюнча  жаңы президент Дональд Трамп кабыл алган чечимге каршы болгондор да чогулган.

Америкалык актриса Шейлин Вудли экс-президенттин кызын көрүп, абдан таңгалгандыгын айтып берди. Ал мунусун Барак Обама бийликте турганда бул курулушту толугу менен токтотууга жетиштүү аракет кылбагандыгы менен түшүндүргөн.

Басылма Обаманын кызы 18 жашка чыгып калганын жана Гарвард университетине тапшырууну көздөп жатканын жазды.

Мындан бир аз мурда Трамп Барак Обама кол коюудан баш тарткан Keystone жана Dakota Access мунай куурларынын курулушу боюнча документке кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0