Роухани: азыр дубал менен калкаланчу мезгил эмес. Трамптын Жарлыгына каяша

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В.Путина в Иран
Рабочий визит президента РФ В.Путина в Иран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү АКШ президенти Трамп ички коопсуздук боюнча министрлик Мексика менен чектешкен аймакты бойлой дубал курууну тез арада баштарын жар салган.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ жетекчиси Дональд Трамптын жаңы Жарлыгындагы качкындардан калкалануу үчүн Мексика менен чек араны бойлой дубал куруу чечимине "азыр дубал кура турган учур эмес" деп айтты. Бул туурасында РИА Новости Tasnim агенттигине шилтеме кылып маалымдады.

"Азыр улуттар арасында дубал жаратуу учуру эмес, мындан бир нече жыл илгери Берлин дубалы кулаганын унутуп калышкан окшойт. Эгер элди ажырата турган дубал болсо, аны алып салыш керек", — деди Роухани Тегерандагы конференцияда сүйлөп жатып.

Маалыматтык технологиянын дүйнөсү, ааламдашуу биздин ортобуздагы аралыкты кыскартканын айткан Иран башчысы бүгүнкү күндө заман башка экенин белгилеген.

"Бул мезгил улуттар менен элди мамлекетине, аймагына карап, алакчылай турган заман эмес. Бүгүнкү күн — маданий жана илимий жактан алып караганда коңшу катары жакындашуунун күнү", — деп айтты Иран президенти.

Лекция Марка Цукерберга в МГУ - Sputnik Кыргызстан
Марк Цукерберг АКШ президенти Трамптын качкындарды өгөйлөгөнүн сындады
Жума күнү АКШ президенти Трамп ички коопсуздук боюнча министрлик Мексика менен чектешкен аймакты бойлой дубал курууну тез арада баштарын жар салган.

АКШнын президенти кечээ Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалданткан Жарлыкка кол койду.

Пентагондо бул окуяга байланыштуу иш-чарада документин максаты — "радикалдашкан мусулман-террочуларды" өлкөгө киргизбөө экендигин жана эми катуу чыпкалоо "экстремалдуу" экендигин айтышты.

Рейтердин маалыматына караганда Жарлыкта Ирак, Иран, Сирия, Судан, Йемен, Ливия жана Сомалинин жарандарынын АКШга киришине убактылуу тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0