Окумуштуулар иттерге жаккан музыканы аныкташты

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүИт. Архив
Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор иттерге ар түрдүү жанрдагы музыкаларды коюп, алардын реакциясын байкап көргөн.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Иттер регги жана софт-рок жанрындагы музыкаларды укканда өздөрүн бактылуу сезет. Окумуштуулардын мындай иликтөөсүн РИА Новости Physiology and Behavior журналына таянып жазып чыкты.

Илимпоздор Шотландиянын жаныбарларга мыкаачылык мамиле жасоого каршы уюму менен биргелешип жолбун иттерди чогултуп, аларга ар түрдүү жанрдагы музыкаларды коюп, реакциясын байкашкан.

"Жалпы жонунан музыкалык жанрлардын түрлөрүн иттер ар түрдүү кабыл алып, алардын жеке музыкалык табиттери бар экендиги аныкталды. Бирок көпчүлүк учурда регги жана софт-рок жанрындагы музыкага иттердин жүрүм-турумдары өзгөргөнүн байкадык", — деди Глазго университетинин профессору. 

Изилдөөнүн жыйынтыгында жолбун иттерди баккан жайлар жогоруда аталган музыкалык жанрдагы ырларды коюп турмай болушкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0