Кытайда зоопарктагы жолборстор кишини чайнап салды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЗоопарктагы жолборс. Архив
Зоопарктагы жолборс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши алган жаракатынан ошол жерде каза болгон.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы Нинбо шаарындагы зоопаркта жолборстор көрүүчүнү чайнап салганын РИА Новости билдирди.

Тоодогу маралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аңчылык департаменти жаныбарларды коргоонун ордуна курутабы…
Маалыматка ылайык, киши жолборстор турган торго жакын барганда аны тордун ичине тартып кетишкен.

Кытайдын борбордук телеканалынын билдиришинче, окуя жекшемби күнү болгон. Интернетке жарыяланган видеодо көрүнгөндөй кишини үч жолборс жулмалаган. Окуя болгон жерде кишинин аялы жана баласы болгону маалымдалууда. Полиция менен зоопарктын кызматкерлери жаныбарларды кубалап, кишини сактап калууга аракет кылышкан. Күбөлөр жолборс атып өлтүрүлгөндүгүн айтышууда.

Киши алган жаракатынан ошол жерде каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0