Аравиялык ханзаада шумкарлары үчүн учактагы орундун жарымын сатып алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Reddit. Фотография 80 соколов, сидящих в салоне обычного самолета
Снимок с социальной сети Reddit. Фотография 80 соколов, сидящих в салоне обычного самолета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактагылар ханзаада шумкарларды куш салуу үчүн алып баратканын божомолдошууда.

БИШКЕК, 01-фев. — Sputnik. Интернетте кадимки эле учактын ичинде отурган 80 ителгинин сүрөтү пайда болду. Бул тууралуу Mashable порталы билдирди.

Сүрөттү Reddit тармагынын пайдалануучусу жарыялаган деп айтылууда.

​"Учактын капитаны менин досум. Сүрөттөрдү мага ошол жиберди. Сауд Аравиянын ханзаадасы 80 шумкар үчүн билет сатып алган", — деп жазган ал.

Сүрөттөрдө ителгилер учактын орто чениндеги орунтуктун баарын ээлеп алганы көрүнүп турат. Куштардын башына томого кийгизилген. Куштарды учак менен алып жүрүү Сауд Аравиясында кадыресе көрүнүш экени белгиленет.

"Болгону куштардын паспорту талап кылынат. Аны 130 долларга алса болот. Эрежеге ылайык, айрым компаниялар бирден алтыга чейин куш алып өтүүгө уруксат берет", — деп ЖМКлар жазып чыкты.

Соцтармактагылар ханзаада шумкарларды куш салуу үчүн алып баратканын божомолдошууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0