Иран Трамптын качкындар боюнча Жарлыгынан кийин АКШ спортчуларына виза бербей койду

CC BY 2.0 / yeowatzup / Behesht-e Zahra, Tehran, IranИран мамлекетинин желеги. Архив
Иран мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык спортчулар Иранда 16-17 февралда өтө турган мелдешке келишмек.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Иран бийлиги президент Дональд Трамптын качкындарга карата Жарлыгынан кийин эл аралык турнирге катышуу үчүн келе турган АКШнын реслинг боюнча спортчуларына виза бербей койду. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс маалымат агенттигине шилтеме кылып билдирди. 

АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жаглыгына каршы акциясы - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы кыргыз мигранттары Трамптын жарлыгынан жабыркабайбы
Эскерте кетсек, 27-январда АКШнын президенти Трамп Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалдаткан Жарлыкка кол койгон. Трамптын сөзүнө караганда "экстремалдуу тандоо" деп аталган бул документтин максаты — "радикалдашкан мусулман-террорчуларды" өлкөгө киргизбөө эле.

Жарлыкта Ирак, Иран, Судан, Йемен, Ливия жана Сомали мамлекеттеринин жарандарынын кирүүсүнө 90 күнгө, ал эми сириялык качкындардын келишине 120 күнгө чейин тыюу салынган.

Бул боюнча Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ жетекчиси Трамптын жаңы Жарлыгындагы качкындардан калкалануу үчүн Мексика менен чек араны бойлой дубал куруу чечимине "азыр дубал кура турган учур эмес" экендигин айткан.

Ал эми Тышкы иштер министри (ТИМ) Мохаммад Жавад Зариф мындан бир нече күн мурда Трамптын Жарлыгына жооп кылып мындан ары америкалыктардын Иранга киришине виза берүүдөн баш тартарын белгилеген.

Аталган министрликтин өкүлү Бахрам Гасем спортчулардын виза маселеси боюнча абалды төмөнкүчө түшүндүрдү.

"АКШнын жаңы администрациясынын саясатынан улам ТИМ (ред. — Ирандын ТИМи) реслинг боюнча америкалык командага виза берүүдөн баш тартты", — деп айткан ал.

Америкалык спортчулар Иранда 16-17 февралда өтө турган мелдешке келишмек.

Трамптын миграция боюнча Жарлыгы АКШ жана дүйнөдө ар кандай маанайдагы пикирлерди жаратты. АКШнын Сенатындагы Демократиялык партиянын мүчөлөрү аталган документти жокко чыгара турган мыйзам долбоорун алып чыгууну көздөп жатат. 15 штаттын Баш прокурорлору бул чечимди "мыйзамсыз" деп атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0