Иран АКШ президенти Трампка 10-февралда жооп берерин айтты

© AFP / CARLOS BARRIA / POOLФлаги стран США и Ирана
Флаги стран США и Ирана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хаменеинин айтымында, Ирак менен Сирияда согуш отун тутантып, Иранда жардырууларды жасаган "Ислам мамлекети" террордук уюмун түзүүнүн артында АКШ турат.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Иран АКШ тараптан болгон коркутуп-үркүтүүлөрүнө 1979-жылы болгон ислам революциясынын жылдыгын белгилегенде жооп берерин айтты. Бул туурасында РИА Новости Press TV телеканалына шилтеме кылып кабарлады. 

"Бир дагы душман иран улутуна батынып, аны жарамсыз кыла албайт", — деди Хаменеи аталган телеканалда сүйлөп жатып.

Ал Иран Вашингтон тарабынан болгон коркутуп-үркүтүүлөргө 10-февралда — ислам революциясынын күнүндө жооп берерин айтты.

Иран мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иран Трамптын качкындар боюнча Жарлыгынан кийин АКШ спортчуларына виза бербей койду
Хаменеинин айтымына караганда, Ирак менен Сирияда согуш отун тутантып, Иранда жардырууларды жасаган "Ислам мамлекети" террордук уюмун түзүүнүн артында АКШ турат.

Иран менен АКШнын мамилеси Трамптын администрациясынын келиши менен чыңалып кетти. АКШ президенти мурдагы лидер Барак Обама сыяктуу Иранга карата жумшак боло албастыгын айткан. Ал Иран менен алтылыктын ортосундагы (БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү жана Германия) өзөктүк куралдар боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимге сын көз менен караган.

Эскерте кетсек, 27-январда АКШнын президенти Трамп Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалдаткан Жарлыкка кол койгон. Трамптын сөзүнө караганда "экстремалдуу тандоо" деп аталган бул документтин максаты — "радикалдашкан мусулман-террорчуларды" өлкөгө киргизбөө эле.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жаглыгына каршы акциясы - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы кыргыз мигранттары Трамптын жарлыгынан жабыркабайбы
Жарлыкта Ирак, Иран, Судан, Йемен, Ливия жана Сомали мамлекеттеринин жарандарынын кирүүсүнө 90 күнгө, ал эми сириялык качкындардын келишине 120 күнгө чейин тыюу салынган. Бул боюнча Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ жетекчиси Трамптын жаңы Жарлыгындагы качкындардан калкалануу үчүн Мексика менен чек араны бойлой дубал куруу чечимине "азыр дубал кура турган учур эмес" экендигин айткан. Ал эми Тышкы иштер министри (ТИМ) Мохаммад Жавад Зариф мындан бир нече күн мурда Трамптын Жарлыгына жооп кылып мындан ары америкалыктардын Иранга киришине виза берүүдөн баш тартарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0