Дүйнөдөгү эң кары аквариум балыгы 90го чыгып өлдү

© REUTERS / Brenna Hernandez / Shedd AquariumРыба-рогозуб по кличке Granddad в аквариуме Чикаго
Рыба-рогозуб по кличке Granddad в аквариуме Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рогозуб балыгынын бир гана өпкөсү бар.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң кары Granddad аттуу каймана атка ээ болгон рогозуб аквариум балыгы 90го чыгып өлгөндүгүн РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, балык 1933-жылдан бери аквариумда жашап келген. Аны 104 миллион адам көргөн.

Аквариумдун кызматкерлери балыктын так курагын атай алышкан эмес. Бирок болжол боюнча жүзгө жакындап калганын билдиришкен.

"Өткөн жумада балыктын тамакка табити тартпай калганы байкалды. Текшере келгенде ички органдары иштебей баштаганы маалым болгон. Буга ылайык балыкты атайылап ийне саюу жолу менен өлтүрүшкөн. Жакынкы аралыкта ветеринарлар балыктын жаш курагын так аныктап отчет беришери күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Рогозуб балыгынын бир гана өпкөсү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0