АКШ өлкөгө кирген жарандардан соцтармактагы паролун сурашы мүмкүн

© AP Photo / Rich PedroncelliАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактагы паролун бергиси келбеген жарандар АКШга кирбей калышы ыктымал.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. АКШнын Ички иштер коопсуздук министрлиги өлкөгө кирген чет элдик жарандардын социалдык тармактагы аккаунттарынын паролдорун сурап башташы мүмкүн экенин РИА Новости АКШнын коопсуздук министри Жон Келлиге шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Келли өлкөгө кире турган жарандарды текшерүү күчөтүлөрүн билдирген.

"Биздин өлкөгө кирип жаткан жарандардын паспортун текшерүү менен чектелбестен, алардын социалдык тармактардагы паролдорун кошо сурашыбыз ыктымал. Биз алардын интернетте эмне менен алектенерин билишибиз керек. Эгер жарандар маалыматтарын берүүдөн баш тартса, өлкөгө киргизилбейт", — деди Келли.

Ал ошондой эле мындай кадам азыр эле ишке ашып кетпей турганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0