Швецияда качкындарга жардам берген журналисттер коомдук ишке кесилди

© REUTERS / Marko DjuricaСитуация с беженцами в Европе
Ситуация с беженцами в Европе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фредрик Энневалль кесиптештери менен биргеликте сириялык өспүрүмдү өлкөгө мыйзамсыз алып кирген.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Швециянын Мальмё шаарынын соту STV телеканалынын кабарчысы Фредрик Энневалль менен анын оператору жана котормочусун сириялык өспүрүм качкынга жардам бергени үчүн коомдук ишке кести. Бул тууралуу РИА Новости SVT каналына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, кесиптештер сириялык өспүрүмдү өлкөгө мыйзамсыз алып киришкен.

Мосул шаарынан кетип жаткан качындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирия качкын тургундарды артка кайтууга чакырууда
Эгер журналист кесиптештери менен биргеликте соттун чечимин аткаруудан баш тартса, жаза эки айлык абак менен алмаштырылышы мүмкүн.

15 жаштагы өспүрүмдү Грециядан Швецияга көчүрүү үчүн 2014-жылы тартуу тобу жардам бергенин Энневалль өзү тарткан тасмада ачык айткан. Журналисттин айтымында, качкын бала Швецияга абдан кооптуу жол менен жетүүнү пландап жаткан.

Абед азыр 17 жашта. Ал Швецияда жашап, окуйт. Үй-бүлөсү дагы баланын жанына келип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0