Дельфиндер. Архивдик сүрөт

Жаңы Зеландияда 400дөй дельфин океан жээгине чыгып калды

1302
(жаңыланган 11:26 10.02.2017)
Куткаруу ишине катышкан ыктыярчылар 100дөй дельфинди кайра океанга кое беришкен.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын түштүк аралынын жээгине 400дөй кара дельфин чыгып алган. Бул тууралуу РИА Новости New Zealand радиосуна шилтеме жасап кабарлады. 

Более 400 черных дельфинов-гринд (шароголовых) выбросились на берег Южного острова Новой Зеландии
© AP Photo / Tim Cuff / New Zealand Herald
Жаңы Зеландиянын түштүк аралынын жээгине 400дөй кара дельфин чыгып алган

Жашыруун камера: сейрек үн чыгарган илбирстин видеосу
© Видео / Россиядагы "Снежний барс" фонду
Маалыматка ылайык, жээкке чыгып калган дельфиндердин басымдуу бөлүгү өлүп калган. Бирок куткаруу ишине катышкан ыктыярчылар 100дөй жандыкты кайра океанга кое берүүгө үлгүрүшкөн. Учурда аларды аман сактап калуу аракеттери уланууда, бирок дельфиндер жээктен алыстап сүзүп кетпей жатышат. Куткаруучулар кайык менен аларга багыт көрсөтүп, океанга сүзүп кирүүсүнө жардамдашууда.

Жаңы Зеландияда дельфиндер менен киттердин мындай массалык түрдө жээкке чыгып алуусу алгачкы жолу болууда.

Жер бетинде ар кайсы убакта жана түрдүү жерде мындай окуялардын келип чыгуу себебин окумуштуулар аныктай албай келет. Бирок бул жандыктардын бирөөсү жээкке чыгып калса, калгандары дагы аны куткаруу үчүн чыгаары айтылып жүрөт.

1302
Белгилер:
дельфин, куткаруу, Жаңы Зеландия
Тема боюнча
Мэрия: "Дельфин" бассейни 9-ноябрь күнү ачылат
Толкунда каалгыган дельфиндер
Кыз талиясын ченеп жатат. Иллюстративдик сүрөт

Дарыгер диетасыз, залга барбай эле арыктоонун жолун айтты

26
Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Диетолог Тамила Арсеньева тез жана ден соолукка зыян келтирбей, диетасы жок, машыгуу залына барып оор көнүгүү жасабай эле арыктоонун сырлары менен бөлүшкөнүн РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, арыктайм деген адам биринчи кезекте тамакты бөлүп жегенди үйрөнүшү зарыл. Мисалы, күнүнө аз-аздан беш маал тамактанышы шарт. Рациондо сөзсүз түрдө курамында клетчаткасы көп азыктардын болушу керек. Анткени клетчатка ичегинин иштөөсүн жакшыртып, адамды ток алып жүрөт.

Организмге белокко бай азыктар, жалбырактуу жашылча, чөп-чар, мөмө-жемиштер да керек.

Диетолог кумшекерди, кофе, газдалган суусундук жана ичимдикти азайтуу керектигин да белгилеген.

"Жок дегенде ушуларды тизмеден чийип салсаңар бир айда беш килограммга чейин салмак таштоого болот. Арыктоону каалагандар суу ичкенди да билиши керек. Таттуу суусундук тууралуу айтканым жок. Кадимки сууну басып-туруп ичсе, ал зат алмашууну 20 пайызга чейин ылдамдатат", — деди адис.

Арсеньева зат алмашууну ылдамдатууга спорт да жакшы жардамчы экенин айтып, ага кыймылдын бардык түрү, ал тургай жөө басуу да кирерин белгилеген.

Адис стресстен оолак болууну эскертип, кыйын учурда кызыктуу ишке алаксып кетүүнү сунуштаган. Мисалы, фитнес, йога же китеп окуп алаксып, достор менен баарлашууга кеңеш берген.

26
Белгилер:
рацион, тамак, машыгуу, диета, арыктоо, диетолог
Тема боюнча
Дарыгер: майы жок азык менен арыктоо тукумсуздукка алып келиши мүмкүн
Диетолог жумуртканы эртең мененки тамакка колдонбой эле коюуга чакырды
АКШ президенти Жо Байден

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат

94
Мындай нерселерге мамлекет согуш алдында барат", – деп үстүртөн белгилей кетти РФ Тышкы чалгындоо кызматынын полковниги, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору Андрей Безруков теледеги талкуулардын биринде.

Кеп америкалык администрациянын чындап эле орчундуу акциясы жөнүндө. Быйыл февраль айында Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы өтө маанилүү товарлар менен жабдуу чынжырчасынан өлкөлөрдүн көз карандылыгын иликтөөнү буюрган. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Дмитрий Косыревдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.

Иликтөө Жо Байдендин Европага болгон сапарынын алдында аяктап туру. Иш сапардын алкагында ал РФ президенти Владимир Путин менен да кезигет. Женевада өтө турган бул жолугушуу АКШ багытынын дүйнөлүк аренада эбак бышып жетилген жана абдан олуттуу бурулушунун бир бөлүгү гана болмокчу. Бул тууралуу кеп алдыда болсун.

Ал эми бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын өзүнүн кеминде эле үч тармакта көз карандылыгы аныкталды. Атап айтсак, дары-дармек, жарым өткөргүчтөр жана сейрек кездешүүчү металлдар (элементтер) менен жабдуу АКШнын талуу маселелеринен. Ар биринде Кытай, башкача айтканда, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк аренада тең салмакташ бул державадан кооптуу көз карандылыгы жөнүндө сөз жүрөт.

Ал эми жакында экинчи акция старт алды. Инновациялар жана атаандаштык тууралуу мыйзам иштелип чыгып, АКШ сенатында каралды. Жакын арада күчүнө кирет. Мында баарынан оболу кеп ошол эле держава менен атаандаштык туурасында. Аталган мыйзам боюнча Американын экономикасынын Кытайдын алдында атаандаштык жөндөмүн арттырууга 250 миллиард доллар, тагыраагы, инновациялык иштелмелерди жана америкалык алдыңкы тармактарды колдоону тездетүүгө субсидия бөлүнүүдө. Анткен менен АКШ узак жылдар бою алдыңкы жана башка көптөгөн багыттарга кытайлык мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшүнө жол берилбестигин түшүндүрүп келишкен. Алар Пекиндин "Кытайда жасалган – 2025" программасын натуура атаандаштыктын үлгүсү жана кастыктын дал өзү катары жарыялашкан. Кезегинде Пекин эрежелерден четтеп, оюнду чынчылдык менен жүргүзгөн жок деп айыпташкан эле. Эми болсо Кытайдын оюнунан майнап чыгып, глобалдык масштабда утушка ээ болуп турганда АКШ кылы кыйшайбастан аны туураганга белсенди.

Эксперттер демократтар администрациясы реиндустриализация демилгесин республикачылардан мураска алганын, мында кеп ондогон жылдарга эсептелген программалар жөнүндө экенин белгилешет. Лондондогу The Guardian басылмасынын баяндамачысы бул он жылдыктын аягында Кытай экономиканын көлөмү боюнча АКШны кууп жетерин жоромолдойт. Бул менен дүйнөлүк технологиялык лидерликке ээ болот (дал ушул нерсе Пентагондун түн уйкусун бузууда – ред.). АКШ үчүн лидерликти башкага алдыруу абдан кооптуу. Бири-бирине тыгыз байланышкан бул көрүнүштөрдөгү негизги түшүнүк — "технологиялар". Жылына өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн жалпы көлөмү, албетте, маанилүү, бирок пропагандалык планда гана... Ал эми технологиялык артыкчылык жаатында бул эки ири державанын бирдей макамы бирин азапка салат, ал эми Кытайдын дүйнөлүк технологиялык лидерликке көтөрүлүшү экинчиси үчүн азаптын азабы эмеспи. Жо Байдендин Европага сапары дал ушундай маанайда даярдалган. Жогоруда аталган лондондук гезиттеги макала да ушул дипломатиялык каршы чыгуунун бүт концепциясын так сүрөттөгөн. Байден Батыш лидерлери менен Улуу Британиядагы Корнуоллдо G7 саммитинин алкагында кезикти. Андан соң НАТО жана европалык түзүмдөр менен сүйлөшөт. Эң оболу дээрлик Кытай тууралуу гана кеп козголору болжонгон. Шектене караган европалыктарды Байден бул ирет экинчи кансыз согушка чакырууга ниеткер. Бул ирет Кытай менен... Союздаштары толук түрдө Кошмо Штаттар келтирген жүйөлөргө ынанабы? Татаал собол. Эгер кайра The Guardian басылмасына таянсак, анда атын атабаган дипломат "европалыктарга Кытайдын (тигил же бул кырдаалда) кадамдары жакпашы ыктымал, бирок америкалыктар дүйнөдө күч жагынан тең келген Кытайдын өзү, анын ар кай багыттагы кадамдарынын эч бирин кыртышы сүйбөстүгүн" айтып берген.

Женевадагы саммит бул жагынан алып караганда Байдендин Европага болгон сапарынан тыш. Москва менен эки тараптуу алакалар ал үчүн экинчи планда. Болду-болбоду америкалык президент алдыдагы он жылдыкта АКШ менен Кытайдын кансыз согушу боюнча Россиянын көз карашын билип, тамырын тартып көрөт. Албетте, Москванын Пекин менен тирешке макул болорун эч ким күтпөйт. Анткен менен Россия андай болжолдуу жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн билип алуу Америкага пайдалуу.

Болбосо бири жеңилип, бири озуп бараткан эки күчтүү держава, бири экинчисине туруштук берүү далалатында. Экөө тең — экономикалык гиганттар жана технологиялык лидерлер, ошондуктан потенциалдуу пайдалуу өнөктөштөр. Бири Россияга эмнелерди гана жасабады, экинчиси андай жамандыктарга барган жок, ыңгайы келген жерден кызматташууну өрчүтүп келет. Мындайда Москванын кандай позициясын элестетүүгө болот?

94
Белгилер:
чалгындоо, Москва, Россия
Тема боюнча
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
Өз үйлөрүндөгүдөй. Түркиянын “жумшак күч” саясаты
Аялдар кол чатырлар менен жаан учурунда. Архив

Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

4
(жаңыланган 10:27 13.06.2021)
Синоптиктер апта ичинде кээ бир аймактарда гана өткүн өтүп, калган учурда күн ачык болорун божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин күн чайыттай ачык болуп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

14-18-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми 19-июнда күн ачык болот.

Талас облусу

14-15-июнь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 16-17-июнда күн чайыттай ачылат. Ал эми 18-июнда асманды ала булут каптап, өткүн өтөт. 19-июнда кайра эле ачык болот.

Ош, Жалал-Абад облустары

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаашы күтүлөт.

15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.

17-18-июнда тоолуу жерлерде өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 19-июнда күн толугу менен ачылат.

Баткен облусу

14-15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтөт. 17-19-июнь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн жумага чейин кээ бир райондордо өткүн өтүп, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Апта аягында күндүн көзү бузулбайт.

Нарын облусу

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, кээ бир райондордо жаан-чачын жаайт. 15-17-июнда күн ачык болот, кээ бир райондордо гана өткүн өтөт.

18-июнда тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-июнда күн ачык болот.

4
Белгилер:
күн, жамгыр, аймак, апта, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Катуу шамал үч адамды жабыркатып, Чүйдөгү мектептин чатырын учуруп кетти. Видео
Күн 37 градуска чейин ысыйт. Июнга карата аба ырайы