Кытайлык аткаминерлер жалкоолук менен күрөшкөн чогулушта уктап калды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүУктап жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Уктап жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уктап калгандардын бири Кытайдын коммунисттик партиясынын шаардык пландоо боюнча бюросунун катчысынын орун басары дешти.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кытайдын Хубэй провинциясынын алты аткаминери жалкоо жана эптемей менен иштеген кызматкерлерине түрткү берүү үчүн уюштурулган чогулушта уктап калганы үчүн жазаланды. Бул туурасында РИА Новости Ecns.cn порталына шилтеме кылып кабарлады. 

Лекциядагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар уйкунун бузулушу менен эске тутуунун байланышын аныкташты
Окуя Сянъян округунда болгон. Уктап калган кишилердин бири Кытайдын коммунисттик партиясынын шаардык пландоо боюнча бюросунун катчысынын орун басары дешти. Экинчи дагы бир "уйкучу" муктаж жарандарга субсидия берген фондусунун директорунун орун басары болуп иштеген.

Жазага тартылган мамлекетик кызматкерлер эми эл алдында кечирип сурап жана шаардык комитетке өзүнө сын көз менен карап турган катты жибериши керек. Мындай чечимди компартиянын жергиликтүү бөлүмү чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0