Берлинде II дүйнөлүк согуштун жеңишине арналган ырлар жаңырат

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Берлин
Города мира. Берлин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык ырчылар андан сырткары немис тилинде дагы бир нече чыгармаларды аткарат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Турецкий хору Берлиндин борборунда 7-май күнү 40 миң кишиге концерт берип, II дүйнөлүк согуштун жеңиши тууралуу ырларды аткарышат. Бул тууралуу топтун жетекчиси Михаил Турецкий маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости маалымдады. 

"Берлиндин борборундагы Жандармерия аянтында 7-май күнү "Жеңиш ыры" аттуу концерт беребиз", — деди Турецкий.

Вывод ограниченного контингента советских войск из Афганистана - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте афган согушун эскерген фото көргөзмө өтөт
Ал өз сөзүнө мындай акция өткөрүүгө шаар бийлиги уруксат бергинен кошумчалады. Музыканттар жеңишке байланышкан ырларды аткарып, 40 миң киши чогулат деп үмүттөнүп жатат.

Россиялык ырчылар андан сырткары немис тилинде дагы бир нече чыгарма тартуулашат.

Топтун жетекчиси Турецкий хору 12-июнда Кызыл аянтта дагы концерт берерин  айтып, учурда Россиянын президентинин администрациясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0