Киевде "Евровидение" конкурсуна 15 мүнөт ичинде 3 миңден ашык билет сатылды

© AFP / Sergei SUPINSKYОфициальный логотип Евровидения 2017 года
Официальный логотип Евровидения 2017 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурс 9-майдан 13-майга чейин Киевде өтөт. 13-майда сынактын финалы болот.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. "Евровидение – 2017" ыр сынагына билеттер сатылып баштагандан тарта алгачкы 15 мүнөт ичинде 3 миң билет сатылганын РИА Новости билдирди.

Дүйнөгө Кончита Вурст деген ат менен таанымал, австриялык ырчы Томас Нойвирт - Sputnik Кыргызстан
Кончита Вурст аялдын образынан арылат
Эске салсак, ыр сынагына билеттерди сатуу шейшембиде расмий түрдө башталды. Сайтта кезекке тургандардын саны 11 миңге чейин жеткен. Колдоо көрсөтүү кызматы түн жарымга чейин тынымсыз иштеп, кардарлардын суроолоруна жооп берип жатат.

Билеттердин баасы конкурстун этаптарына жана орундуктун жайгашкан жерине карата 8 евродон 500 еврого чейин турат. 

Алгачкы эки билетти "Евровидение – 2004" сынагынын жеңүүчүсү украиналык ырчы Руслана сатып алган. Ал бир билетти британиялык Сейди Тренд аттуу журналистке алган.

Украина "Евровидение" ыр сынагын өткөрүү укугун ырчы Жамала 2016-жылы Стокгольмдо өткөн конкурста биринчи орунду алгандан кийин ээ болгон.

Конкурс 9-майдан 13-майга чейин Киевде өтөт. 13-майда сынактын финалы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0