Президент Эрдоган автобус алдында калган жан сакчысына жардам көрсөттү

© REUTERS / HANDOUTТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаадан чыга калган президент жан сакчысына жардам көрсөтүп, анын жанында бир топко чейин болгон.

БИШКЕК, 19-фев. – Sputnik. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган автобустун алдында калган жан сакчысына жардам көрсөттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Президент Элазык аймагында сапардан кийин шаардан чыгып бара жатканда жан сакчысы жаза басып алып, автобустун алдына кулап түшкөн. Автоунаадан чыга калган президент жан сакчысына жардам көрсөтүп, анын жанында бир топко чейин болгон деп жазды Egehaber интернет порталы. Кырсыктаган кызматкерди медиктер ооруканага алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0