Англияда талаага ташталган миңге чукул жөжөнү сактап калышты

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүЖөжөлөр. Архив
Жөжөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач тааланын чок ортосунда жаткан балапандарды жергиликтүү тургундар көрүшкөн.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Улуу Британияда талаага ташталган миңге чукул жөжөнү аман сактап калышты. Бул туурасында РИА Новости Daily Mail агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Алгач тааланын чок ортосунда жаткан балапандарды Питерборо шаарына жакын жайгашкан Кембриджширдеги жашоочулар көрүшкөн. Ал жерге барган жаныбарларды коргоо коомунун (RSPCA) инспекторлору, "жөжөлөр талаада "сары деңиз" сыяктуу жайылып, алардын чыйпылдаган үнү жүрөктүн үшүн алат" деп айткан. Куткаруучулар барганга чейин балапандардын бир нечеси өлүп калган, бирок көпчүлүгүн сактап калууга мүмкүн болгон.

​Аман калган жөжөлөрдү жергиликтүү тоок фабрикалардын бирине алып келишкен. Ал эми балапандарды ким таштап кеткени аныктала электиги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0