Россиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин каза болду

© AP Photo / Seth WenigБириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын өкүлү Виталий Чуркиндин архивдик сүрөтү
Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын өкүлү Виталий Чуркиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Виталий Чуркин 65 жаш курагында каза тапты.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын өкүлү Виталий Чуркин каза болгонун РИА Новости агенттиги РФтин Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды. 

"Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын туруктуу өкүлү Виталий Чуркин 65 жашка чыгарына бир күн калганда 20-февралда каза болду", — деп РФ ТИМи тараткан маалыматта айтылат.

​Чуркин 1974-жылдан бери дипломатиялык кызматта иштеп келген. Ал эми 2006-жылдан тарта Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0