Кытай: Синьцзянда террорчулар жөнүндө маалымат үчүн 700 миң доллар төлөшөт

Жазылуу
Кытай террорчулук менен күрөшүүнүн ар кыл жолдорун колдонууда. Алардын бири жакындап келе жаткан кырсык тууралуу маалымат бергендерге сый акы төлөө жолду болуп жатат.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда даярдалып жаткан террордук актылар боюнча так маалымат бергендерге бийлик беш миллион юань (727 миң доллар) убада кылды. Бул туурасында РИА Новости Global Times басылмасына таянып кабарлады. 

Случаи подделки долларов в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
УКМК: террорчулукту каржылоону көздөгөн уюшкан топтон жасалма 56 миң доллар алынды
Маалыматта баш-аягы болуп мындай иштерге 100 миллион юань каражат бөлүнгөндүгү айтылат.

Эгерде эл көп чогулган жайларга жасала турган терактылар боюнча маанилүү маалымат келип түшсө, ага 3-5 миллион юань суммасындагы сыйлык берилет. Террордук же экстремисттик уюмдарга баш коюп, алардын ишмердүүлүгүн улут аралык алкакта жүргүзгөндөрдүн аты-жөнүн, дайын-дарегин билдиргендерге 2-3 миллион юань төлөнөт. Маалыматты бергендердин ким экендиги жашыруун сакталаары айтылууда.

Кытай бийлигинин маалыматында Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда (СУАР) "Чыгыш Түркстан" террордук уюму түптөлгөн, алардын ишин Пекин террордук "Аль-Каида" уюму менен байланыштырып келет. Буга чейин басылмалар "Чыгыш Түркстан" террордук уюму жергиликтүү элдин башын айлантып, Ирак, Сирияга экстремисттерди даярдоо үчүн жиберип келет деп жазган.

Мындан бир аз убакыт мурда Кытайдын Сириядагы элчиси Имад Мустафа РИА Новости агенттигине учурда Сирияда Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун 5 миңге чукул жашоочусу согушуп жүрөт деп билдирген.

Лондон шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лондон: террорчулар катарына кошулуп кетүүгө камынган беш өспүрүм кармалды
2016-жылдын аягында куралданган үч киши Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Хотань округундагы Моюй уездинде өкмөттүк имаратка чабуул коюшкан. Алгач аларга имаратка ат коюп кирип, ичиндеги кишиге бычак урган, анын кесепетинен кызматкер курман болгон. Буга удаа эле даярдап келген жардыргыч затты иштетип жиберишип, андан күзөтчү мерт кетип, дагы үчөө жаракат алган. Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин маалыматында кол салган үч киши ошол жерден жок кылынган.

Өткөн аптада, февралдын ондорунан кийин СУАРда дагы үч киши топтошкон элге бычак менен кол салып, бешөөнү өлтүрүп, дагы бешөөнү жарадар кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0