Киану Ривз "Матрица-4" тасмасына тартылууну каалайт

© AP Photo / Charles Sykes / InvisionПрезентация фильма "Джон Уик: Глава 2" в Нью-Йорке
Презентация фильма Джон Уик: Глава 2 в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Матрица" тасмасы биринчи жолу 1999-жылы чыгып, төрт "Оскар" жана башка 28 байгеге татыган.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Киану Ривз эгер "Матрица" тасмасынын сценарийин режиссерлор Вачовскилер жазса кайтадан Нео Андерсондун ролун жаратууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

"Матрица" тасмасы биринчи жолу 1999-жылы чыккан. Аны ага-ини Вачовскилер тарткан. Учурда алар жынысын өзөртүп эже-сиңди Энди менен Ларри болуп алышкан. "Матрица" тасмасынын кийинки эки бөлүгү "Матрица: перезагрузка" жана "Матрица: революция" болуп 2003-жылы тартылган.

"Вачовскилер бул тасманы тартууга катышуусу керек. Алар сценарийин жазып, аны тартышы зарыл. Анын өнүгүшү кандай болорун карап көрөбүз. Ооба, бул бир аз таң калычтуу болушу мүмкүн", — деген пикирин актер Yahoo Movies сайтына берген маегинде билдирген.

Ривз ошондой эле тасмадагы окуялар менен кишилер өлбөй турганын айтат. Ошол эле учурда "Матрица" тасмасынын акыркысы анын уландысы болушу мүмкүндүгү тууралуу көрөрмандарга сырдуу маалымат берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0