Стамбулда ИМ террордук уюмуна тиешеси бар делип 35 адам кармалды

© REUTERS / Kenan GurbuzЧлен полицейского спецназа Турции
Член полицейского спецназа Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган адамдар терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнө жеткирилген.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Стамбулда "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешеси бар делип 35 адам кармалды. Бул тууралуу РИА Новости Anadolu агенттигине таянып билдирди.

Маалыматка караганда Стамбулдун терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгы бөлүмүнүн кызматкерлери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташтарына каршы рейд жүргүзгөн.

"Полиция кызматкерлери бир убакытта Стамбулдун Султанбейли жана Пендик райондорундагы 41 даректи текшерип, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешелүү документ жана курал-жарактарды табышкан", — деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой кармалган адамдар терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнө жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0