Түштүк Корея куш тумоосу жайылып жатканын тастыктады

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүТооктор. Архив
Тооктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө бийлиги кишинин аталган дартка чалдыкканы каттала электигин билдирүүдө.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Түштүк Кореянын түштүк-батышындагы бир фермада куш тумоосу чыкканын адистер тастыкташты. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен билдирди. 

Работа птицефабрики Рассвет в Гомельском районе - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда тооккана менен кошо 50 тоок күйүп кетти
Өткөн жумада Сеулдан 390 чакырым алыстыкта жайгашкан Чолла-Намдо провинциясындагы фермалардын биринде өрдөктөр куш тумоосуна кабылган болчу. Аларда H5N8 штаммындагы вирус табылган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 23 миң өрдөктү жок кылууну буйруган. Бул окуядан көп өтпөй эле дагы бир фермадагы канаттуулардын ооруп жатканы маалымдалган. Андан сырткары, 6-февралда өлкөнүн түштүк-батышындагы тоок фермада дагы вирус чыккан.

Кишинин аталган дартка чалдыкканы каттала электигин өлкө бийлиги билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0