Белоруссияда 23-февралга карата "консерваланган" байпактар чыгарылды

© Фото / Брестский чулочный комбинатБелоруссиянын Брест байпак чыгарган комбинаты консерва банкаларына салынган эркектердин байпактары
Белоруссиянын Брест байпак чыгарган комбинаты консерва банкаларына салынган эркектердин байпактары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө белектер Ата Мекенди коргоо күнүнө карата чыгарылып, үч миңге чукул банка даярдалган.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Белоруссиянын Брест байпак чыгарган комбинаты консерва банкаларына салынган эркектердин байпактарын белекке бергенге ылайыктап чыгарышты. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия маалымат агенттиги кабарлады.

Ишкананын берген маалыматына ылайык, өзгөчө белектер Ата Мекенди коргоо күнүнө карата үч миңге чукул банкада даярдалган.

"Эми бул байпактар менен жакшы көргөн адамыңдын буту жылуу болуп, эч кандай кар, жамгыр, катуу шамал кедергисин тийгизбейт", — деп тамашалаган ишканадагылар.

Белекке берилчү банкадагы байпактар өлчөмдөрү менен гана айырмаланбаса, бардыгынын өңдөрү бирдей — кара түстө.

Эркектер үчүн белектер Брест байпак чыгарган комбинаттын дүкөндөрүндө сатыла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0