Эксперт: 40-50 жылдан кийин адамзат курсагын тойгуза албай калышы мүмкүн

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУборка урожая зерновых в Новосибирской области
Уборка урожая зерновых в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 2030-жылы 600 миллиондон ашуун адам ачкачылыкка дуушар болорун белгилеген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Дүйнөлүк айыл чарбасы 30 жылдан кийин саны 10 миллиард адамга жеткен дүйнө жүзүн тойгузууга жетишерлик көлөмдө продукция чыгарууга жөндөмдүү экени БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун докладында айтылат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Анда элдин санынын өсүшү менен 2050-жылга карата айыл чарба продукциясына болгон суроо-талап азыркыдан 50 пайызга жогорулай турганы белгиленет.

"Мындай абал ансыз да жакырланган жаратылыш ресурстарына басымды күчөтөт", — деп жазылат докладда.

Эксперттер келечекте адамдар көбүнесе эт, жашылча-жемиш, иштелип чыккан азыктарды жей турганын божомолдоп, бул токойлордун азайышына, жердин деградациясы жана уулуу газдардын көп чыгышын шарттай турганын айтышууда.

"Азыр эле Жердеги токойлордун теңинен кол жуудук. Жер астындагы суулар өтө тездик менен соолуп, биоартүрдүүлүк жоголуп бара жатат", — дешти адистер.

Афганистандагы куралчан жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистанда согуштан каза тапкан элдин саны рекорддук чекке жетти
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму прогресстин өтө тездик менен өсүү темпи 2050-жылга чейин ачкачылыкты жоюуга жол бербей турганын, жакыр аймактарды өнүктүрүүгө, теңсиздикти кыскартууга аракеттин аздыгынан улам 2030-жылы 600 миллиондон ашуун адам ачкачылыкка дуушар болорун белгилеген.

Аталган уюм дүйнөлүк азык-түлүк системасындагы өзгөчө көңүл бура турган багыт катары жаратылыш ресурстарына болгон атаандаштыктын күчөшү, араздашуулардын көбөйүшү, табигый кырсыктар, миграциянын өсүшү жана түшүмдүүлүктүн азайышы келтирилген.

Мындан улам БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму климаттын өзгөрүшү менен табигый кырсыктардын өсүшү жаатындагы көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечүүнү, ачкачылык менен жакырчылыкты жоюу жана миграциянын чыныгы себептери менен күрөшүү жана фундаменталдык өзгөрүү зарыл деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0