ЖМК: Обаманы Франциянын президенттигине көрсөткүсү келгендер аракетин баштады

© REUTERS / Jonathan ErnstАКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү
АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активисттердин айтымында, аларга мындай идея Обаманын президенттик мөөнөтү аяктаарына эки ай калганда келген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Франциянын айрым активисттери АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманы Франциянын президенттигине көрсөттүнү каалап жатышканын РИА Новости агенттиги ABC News телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. 

Малия Обама, дочь президента США Барака Обамы - Sputnik Кыргызстан
Обаманын кызы президент Трамптын чечимине каршы чыкты
Активисттер Париждин ичине Обаманын сүрөтүн илип, анын алдына "Obama17" деп жазып, ушундай аталыштагы сайтка кирүүнү суранышкан. Сайтта болсо алар Обаманы колдоо үчүн петицияга кол коюуга чакырып, бир миллион кол топтоону максат кылышууда.

Активисттердин айтымында, аларга мындай идея Обаманын президенттик мөөнөтү аяктаарына эки ай калганда келген.

Бирок ABC News каналынын билдиришинче, Франциянын президенти болуш үчүн талапкерлер француз болушу керек. Активисттер кандай болгон күндө дагы кишилерге үмүт берип, аракеттерди көрүү керектигин баса белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0