Афганистанда мектептин үстүнө ракета түшүп эки окуучу набыт болду

© AP Photo / Rahmat GulАфганистандын тез жардам автоунаасы. Архив
Афганистандын тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү кооптуу кырдаал соңку бир айдан бери курч бойдон калууда.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Афганистандын чыгышындагы бир мектепке ракета түшүп, андан алты адам жаракат алып, эки окуучу мерт кеткен. Бул туурасында РИА Новости Пажвак агенттигине шилтиме берип жазып чыкты. 

"Лагман провинциясындагы мектептин үстүнө түшкөн ракетадан эки окуучу набыт болуп, алтоо жаракат алган", — деген маалымат Twitter социалдык баракчасына да жарыяланган.

Афганистандагы кооптуу ырдаал соңку бир айдан бери курч бойдон калууда. "Талибан" радикал кыймылы буга чейин бир топ аймактарды басып алып, ири шаарларга дагы чабуулун баштаган. Ошондой эле өткөн жылга салыштырмалуу өлкө аймагында "Ислам мамлекети" террордук тобунун таасири он эселеп өскөнү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0