Чех парламенти балалуу болгон аталарды эмгек өргүүсүнө чыгарууну сунуштап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность городского перинатального центра в Бишкеке
Деятельность городского перинатального центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн негизги максаты жаңы төрөлгөн балага кам көрүүдө эркектер аялдарына жардамдашып, жанында болууга шарт түзүү.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Чех парламентинин депутаттары ымыркайлуу болгон аталарды жумалык эмгек өргүүсүнө чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Кормление новорожденного ребенка - Sputnik Кыргызстан
Британия: оорукчан кызына карын эне болгон аял өзүнө небере төрөп алды
Аталган долбоор ишке ашып калса жаш аталар жумалык өргүүгө чыгып, алты күндүн ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайына каралаша алат.

Ошол эле учурда энелердикиндей эле алардын айлык маянасынын 70 пайызы сакталат. Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн негизги максаты жаңы төрөлгөн балага кам көрүүдө эркектер аялдарына жардамдашып, жанында болууга шарт түзүү.

Мыйзам долбоор парламенттин жогорку палатасы менен сенаттан өтсө, өлкөнүн президентине кол коюуга жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0