Гитлердин телефону. Архивдик сүрөт

Гитлердин аукциондо 243 миң долларга сатылган телефонун жасалма деп жатышат

111
(жаңыланган 10:52 27.02.2017)
Эксперт миңдеген долларларга бааланган телефон кийинчерээк эле Улуу Британияда куралгандыгы туурасында пикирин билдирди.

БИШКЕК, 27-фев. – Sputnik. Мындан бир нече күн мурда аукциондо 243 миң долларга сатылган Гитлердин телефонун адистер жасалма деп күмөн санап жатышат. Бул туурасында РИА Новости Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинин жазганына таянып кабарлады. 

Франкфурттагы байланыш музейинин өкүлү адиси Франк Гнегель пикирин билдирген.

"Анын жасалма экени көрүнүп турат. Телефон аппараты Siemens&Halske компаниясы тарабынан чыгарылган, бирок анын трубкасы Англиядан экен. Алар эч качан мындай кылышкан эмес", — деди ал.

Эксперт миңдеген долларга бааланган телефон кийинчерээк эле Улуу Британияда куралгандыгын айтат.

Күмөн жараткан анын кызыл түсү да болгон.

"Siemens кара аппараттарды кызылга сырдап салбай, аны пластиктен жасамак", — деди Гнегель.

Мындан сырткары, Гитлердин чегилип жасалган эмблемасы жөнөкөй сыр менен капталып, ошол кездеги өңүткө окшошпой тургандыгын кошумчалады.

Анын айтымында, номурда тере турган тегерекчелердин болушу да шек жаратып жатат, себеби, ал мезгилдери мындай аппараттар телефон станциясында түз кошулган эле.

Буга чейин маалыматта да Адольф Гитлердин жеке өзү колдонуп жүргөн телефонун аукциондо 243 миң долларга соодаланганы кабарланган. Гитлердин аты түшүрүлгөн Siemens аппараты вермахттын белеги болгондугу айтылат. 1945-жылы аны советтик жоокерлер Гитлердин бункеринен таап чыгып, кайсы бир себептер менен британиялык офицерге беришкен. Анын үй-бүлөсү аталган аппаратты 70 жылга чукул убакыт сактап келген.

111
Белгилер:
эксперт, шек, аукцион, телефон, Адольф Гитлер
Тема боюнча
Гитлер өзү колдонуп жүргөн телефон 243 миң долларга сатылды
Санкт-Петербургдагы макулдашылбаган акциялар

Россиядагы макулдашылбаган акциялардын урунттуу учурлары

33
(жаңыланган 23:14 23.01.2021)
Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.

РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.

Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.

Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.

Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады

Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.

Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.

Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.

Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.

АКШ элчилигинин маалыматы жана Россия ТИМинин реакциясы

Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.

РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.

Бийликтин эскертүүсү

Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен. Иш-чара провокация катары бааланары белгиленген. Муну менен катар Башкы прокуратура интернетке тарап жаткан митингге катышуу чакырыктарын өчүрүү талабын койду (буга мыйзам менен дагы тыюу салынган). РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков акцияга провокаторлор чакырып жатканын билдирип, алардын максаты баарына белгилүү экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.

33
Белгилер:
полиция, бийлик, акция, Россия
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады
Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

Кыргыз тарап Россияга "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуштады

41
(жаңыланган 22:31 23.01.2021)
КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.

Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.

Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.

Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.

41
Белгилер:
жолугушуу, сунуш, өндүрүүчү, вакцина, коронавирус, Спутник V, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
"ЭпиВакКоронадан" эмне күтүүгө болот? COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп
Венгрия Россиядан 2 миллион доза "Спутник V" вакцинасын алып жатат. Видео