Стамбулда Эрдоган тууралуу тасманын бет ачары болуп өттү

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмада түрк башчысынын балалыгы, анын Стамбулда мэрияда иштеп турган убагы жана 1997-жылы диний чыр-чатакты тутандырды деген айып менен төрт ай түрмөдө жаткан учуру тууралуу тартылган. Ал чоң экрандарга 3-марттан баштап чыга баштайт.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Стамбулда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жашоосун чагылдырган "Жол башчы" (Reis) деп аталган көркөм тасманын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу РИА Новости TRT телеканалына таянып билдирди.

Церемония вручения Оскара - 2017 - Sputnik Кыргызстан
"Ла-ла Ленд" тасмасына жаңылыштык менен "Оскар" тапшырылды
Тасмада түрк башчысынын балалыгы, анын Стамбулда мэрияда иштеп турган убагы жана 1997-жылы диний чыр-чатакты тутандырды деген айып менен төрт ай түрмөдө жаткан учуру тууралуу тартылган. Фильмди режиссер Хүдаверди Явуз тартып, сценарийин Мурат Оздиль жазган. Ал эми Эрдогандын ролун Реха Бейоглу, аялы Эминенин образын Озлем Балжи жараткан.

Тасма Стамбул, Кыркларели, Бурса жана Түндүк Кипрде тартылган. Ал чоң экрандарга 3-марттан баштап чыга баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0