Россиялык окумуштуулар ийне жалбырактуу карагайдан ракка даба табышты

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүИйне жалбырактуу карагай. Архив
Ийне жалбырактуу карагай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздордун айтымында, аталган ооруга химиялык нур таасир бербей турган рактын бир катар клеткаларына карата колдонууга болот.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Россиянын химия жана биология боюнча адистери жалбырактуу карагайдын ширесинен ракка каршы даба жана илдетке бөгөт койгон касиетти тааап чыкты. Бул туурасында РИА Новости Oncotarget журналына жарыяланган макалага шилтеме кылып жазды. 

Выездная экстренная консультативная бригада скорой медицинской помощи - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар антибиотиктердин ымыркайларга тийгизген коркунучтарын атады
Акыркы жылдары окумуштуулар жаратылыштын өзүнөн рак жана башка илдеттерге каршы күрөшүүнүн ыкмаларын табуу боюнча баш катырып келет. Биологдордун айтымына караганда, ал нур менен дарыялоо сыяктуу жолдорго караганда алда канча майнаптуу болмок. Себеби, учурда колдонулуп жаткан ыкмалардын көбүнүн башка организмдерге тие турган тескери таасирлери бар.

Жакында эле Москванын физика-техникалык институтунун окумуштуулары кадимки эле петрушка менен ашкөктөн ракты дарылоого негиз боло турган молекулаларды тапты.

Бул жылдын январында биологдор аны колдонуу боюнча биринчи кадам жасады. Алардын айтымында, аталган ооруга химиялык нур таасир бербей турган рактын бир катар клеткаларына карата колдонууга болот.

РФтин Илимдер академиясынын Москвадагы молекулардык биология институтунун өкүлү Алексей Москалев жана бир канча илимий жайлардын окумуштуулары мындай дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү, анын ичинен жалбырактуу карагайдын ширесин сынаганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0