Талибан радикалдык кыймылынын мүчөлөрү. Архив

Афганистан: талиптердин көмүскөдө жүргөн командирлеринин бири кармалды

123
(жаңыланган 15:45 01.03.2017)
Бийликтин маалыматында согушкерлер менен өкмөттүк аскерлердин кагылышы провинциянын ар кайсы аймактарында бир нече күндөн бери уланып келет.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Афганистандын коопсуздук кызматы Баглан провинциясынан "Талибан" радикалдык кыймылынын маанилүү делген командирлеринин бирин кармап, дагы үч согушкерди жок кылды. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

"Талибандын" согушкерлери Тала-о-Барфак деп аталган райондо бир нече чабуулдарды жасап, коопсуздук кызматы аларга жооп берген. Анын жыйынтыгында, аты аталган аймакка белгилүү болгон Кари Бахуадин шаршемби күнү кармалган. Андан сырткары дагы үч согушкер жок кылынган", — деп билдирген аймактык региондун өкүлү Махфозулла Акбари.

Анын айтымында, кагылышууда полициянын эки кызматкери жарадар болгон. Бийликтин берген маалыматына караганда, согушкерлер менен өкмөттүк аскерлердин кагылышы провинциянын ар кайсы аймактарында бир нече күндөн бери уланып келет.

Бийлик өкүлдөрү кармалган командир ал "Талибандардын" көмүскөдөгү жетекчилигине кирерин айтышты.

Афганистандагы кырдаал акыркы айлары кескин начарлап кетти. "Талибан" буга чейин өлкөнүн айыл жерлерин ээлеп алып келсе, эми ири шаарларга баш коё баштады. Мындан сырткары аймакта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун таасири да күчөй баштаган.

123
Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, согушкер, согуш, командир
Тема боюнча
Афганистанда мектептин үстүнө ракета түшүп эки окуучу набыт болду
Талибан согушкери Кабулда. Архивдик сүрөт

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир

23
(жаңыланган 19:50 16.09.2021)
Эксперт бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкканын айтып, эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталарына токтолгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Афганистандагы окуялар Борбор Азия мамлекеттерине жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. 

Политолог Эдил Осмонбетов во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасири" аттуу видео көпүрөгө катышкан.

Осмонбетовдун айтымында, аймактын коопсуздугу бүгүнкү күндүн орчундуу темасы.

"20 жыл аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык маселелерди, керек болсо тышкы саясий маселелерди чечүү менен алектенүүгө геосаясий мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкты. Эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталат", — деген серепчи.

Анын айтымында, азыр "Талибан"* кыймылы башка мамлекеттердин алардын бийлигин таануусун талап кылып жатат. Бирок процесске таасир этчү бир дагы мамлекет талибдердин бийлигинин легитимдүүлүгүн таанууга даяр экенин айта элек. Эксперт жаңы геосаясий реалдуулуктун шартында бир топ маселе дүйнөлүк жана аймактык оюнчулар аркылуу чечиле турганын кошумчалаган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

23
Белгилер:
Афганистан, серепчи, пикир, кырдаал, Борбордук Азия, коопсуздук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды

Түрү укмуштарынан жылмайткандарына чейин. Met Gala-2021деги костюмдардын сүрөтү

52
Met Gala Американын Нью-Йорк шаарындагы шаан-шөкөттүү жашоону жакшы көргөндөрдүн сүйүктүү иш-чарасы. Жыл сайын ага ким кандай кааласа кийинип келет. Кээде алардын костюмдары таңгалдырса, кээде кишини чочутат.

Иш-чаранын максаты — Нью-Йорктогу Метрополитен-музейинин Костюмдар институтуна акча чогултуу. Биринчи ирет ал ойду 1948-жылы ишке ашырышкан. Ошондон бери бул салт катары калыптанып, уланып келе жатат. Анткен менен 2020-жылы эл чогулган эмес.

Бул сапар "Америкада: модалуу лексикон" деп аталды, бирок чакырууга "Америкадагы эркиндик" деп жазып таратышкан.

Бул сүрөт түрмөктөн бир укмуш костюмдарды көрүүгө болот. Сырттан караган сыпайы жүргөн адамды бул кийимдер чочутушу, уялтышы, таңгалдырышы же күлдүрүшү мүмкүн.

52
  • © AP Photo / Evan Agostini

    Модель жана актриса Валентина Сампайо

  • © AFP 2021 / Angela Weiss

    Рэпер Lil Nas X

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель Кендалл Женнер

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris / Getty Images

    Аткаруучулар Роки жана Рианна

  • © AFP 2021 / Cindy Ord / MG21 / Getty Images

    Рэпер кыз Saweetie

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris / Getty Images

    Модель Иман

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Ырчы Ким Петрас

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель Ким Кардашьян

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модель жана актриса Хантер Шефер

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модельер Зак Позен жана ырчы, актриса Дебора Харри

  • © AFP 2021 / Dimitrios Kambouris

    Ырчы жана актриса Синтия Эриво

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Ырчы Жей Бальвин жана трансвестит модель Саймон

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Баскетболчу Коби Брайанттын кызы Наталья Брайант

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Модельер Жереми Скотт жана модель Ирина Шейк

  • © AFP 2021 / Mike Coppola / Getty Images

    Модель жана актёр Эван Мок

  • © AP Photo / Evan Agostini / Invision

    Актриса, ырчы жана модель Зои Кравиц

  • © AFP 2021 / Mike Coppola / Getty Images

    Актриса Эмили Блант жана Vogue редактору Хэмиш Боулз

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Теннисчи Серена Уильямс

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Актёр Дэн Леви

  • © AP Photo / Evan Agostini

    Ырчы жана актриса Хлоя Бэйли сиңдиси жана кесиптеши Халла Бэйли менен

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Музыкант жана фотограф Фрэнк Оушен

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Ырчы жана актриса Женнифер Лопес

  • © AFP 2021 / Angela Weiss

    Ырчы Граймс

  • © REUTERS / Andrew Kelly

    Теннисчи Наоми Осака

Белгилер:
АКШ, Нью-Йорк, костюм, сүрөт
Тема боюнча
Толук кыз-келиндердин ажарын ачкан купальниктер. Мода жумалыгынан 12 сүрөт
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архивдик сүрөт

Курсан Асанов №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды

0
(жаңыланган 20:47 16.09.2021)
Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Ал ушул жылдын 14-ноябрына чейин абакта болмокчу.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен №50 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Анын бөгөт коюу чарасы бүгүн, 16-сентябрда, тандалды. Ал сотко чейинки өндүрүш мөөнөтүнө чейин, тагыраагы, ушул жылдын 14-ноябрына чейин абакта болмокчу.

Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган.

Эске салсак, Курсан Асанов октябрь окуялары учурунда, тагыраагы, 6-октябрда ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен.

Ал эми 26-январда кармалган. Ага 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга аракеттенген деп Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Имараттарды жана курулмаларды басып алуу") негизинде айып тагылган.

Экс-министр андан төрт ай өткөндөн кийин 12-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган болчу.

0
Белгилер:
Курсан Асанов, камак, соттук чечим
Тема боюнча
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө